У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчыбек Ташиев чек ара маселесин чечүү үчүн Ташкент шаарына барды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш сапардын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болот.

"Өкмөттөр аралык делегациялардын жыйыны 24-марттан 25-мартка чейин Ташкент шаарында өтөт. Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышат", - деп жазылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter