У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажиктер өрттөгөн үйдүн чыгымын кыргыз тарап төлөйт…


Кыргыз-тажик чек арасындагы 8-май күнү болгон жаӊжал боюнча Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын деӊгээлинде эки тараптуу жолугушуу өттү. Кыргыз делегациясын өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов жетектеп барды.

Натыйжада, 8-май күнү Көк-Таш айылынын четинен Тажикстан менен чек арага жакын жерде Мажитовдордун беш бөлмөлүү өрттөлгөн үйүнүн чыгымын, үйдү өрттөп салышкан тажик тарап эмес, кыргыз тарап төлөмөй болуптур. Ошондой эле, кыргыздын жери делген тажиктер талашып жаткан 4 гектар жерди иштетпей турууну моюндарына артып баса беришиптир. Мына кыргыз тараптан барган биздин кызыкчылыкты коргойт дегендердин кылыгы.

Намыска бекем туруп, ошол чек арадагы тажик тарап өрттөгөн үйдүн чыгымын аларга төлөткөнгө, 4 гектар жерди биздики деп айтканга жарашпай, кайра өздөрү күнөөкөр катары алардын дооматтарына макул болуп, шылкыйып баса беришкен биздин жетекчилердин жоругун, мамлекетке, элге-жерге кыянаттык катары бааласак жарашат. Эӊ кур дегенде тажиктердин миномёт колдонушканын айта албай коюшканы кайсы акылга сыят?

Тажиктер болсо максаттарына жетишти. Өрттөп салышкан үйдүн чыгымын Кыргыз тарапка оодарып, Кыргызстандын жарандары иштетип келген төрт гектар жерди иштеттирбей токтотуп коюшту. Биздикилердин мындай жагдайга макул болушканы Тажикстандын дооматы туура деген белги да.  

Жергиликтүү эл чек арадагы үйдү тажиктер бекер өрттөшпөгөнүн, үйдүн ээси «эми болду, үйүм өрттөлдү, кайра курсам, эртең эле кайра өрттөп, талкалап кетишет» деп жерди таштап кетип калышы үчүн атайын чагым жасап максаттарына жетүүгө аракет кылып жатышканын белгилешүүдө. 



Өкүнүчтүүсү кыргыз тарап өз жарандарын коргой албай, тажик тарап өрттөп кеткен үйдүн чыгымын өндүрө албай, тескерисинче алардын айтканына шылкыйып макул болуп жатышканы, дагы ушуга окшогон көрүнүштөргө жол ачып жатышканы деген десек болот. Анткени эртеӊ тажиктер чек арадагы дагы башка үйдү өрттөшүп, чек араны сактап турган элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып, максаттарына жетип, улам бошогон жерди ээлешип, ичкери кирип келе беришет деген кооптонуу күч. 

Ошондуктан, тез арада кыргыздын күйгөн үйүн, үй ээси макул болсо дагы, каршы болсо дагы, кайра куруп бериш керек. Ал түгүл ал жерге казарма салуу зарыл.  Ошондо гана тажиктердин планына балта чабылат. Антпесе, жерибиз четинен кертилип коӊшуларга өтүп, Лейлек анклавга айланып калуу коркунучу бар. 

Тажик тараптын беттырмарлык жоруктарынан жадаган эл чек араны жабуу талабын айтышууда. Ушундай жол менен гана көгөйдү чечсе болоорун белгилешүүдө. Бул маселени Жогорку Кеӊештин депутаты Таабалды Тиллаев да көтөрдү.

Тилекке каршы, Жогорку Кеңеште маалымат берген вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тажик тарап менен бир гана «Кайрагач» постун гана жаап, «Кызыл-Бел» чек араны постун жаба албасын, эл аралык нормаларга караш керектигин билдирди. Ал өз сөзүндө: «Экономикалык рычагдын убактысын биз өткөрүп жибердик. Муну ачык айтышыбыз керек. Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы экономикалык алака жакшы болуп, азыр ортосунда 16 чек ара өткөрмө пункту иштеп жатат», - деп өлүмтүк жооп берип, эл аралык нормага шылтап кыйыктанып отурат. Мындай өлүмтүк көз караштын артында контрабанданы токтотпойбуз деген маани жатат. 

Эгер биздин аткаминерлердин мындай мекенчилдик сезимди билбеген жалтак, күнкор саясаты улана берсе, Кыргызстан коӊшуларга дагы далай жерин тарттырып жиберери бышык. 

Болот Курч


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter