БШК кол тамгаларын жаратпай койгон талапкер Кубан Чороев сотко кайрылды
- 11.12.2020, 13:35,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президенттикке талапкерлигин койгон
Кубан Чороев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу маалымат булактарына өзү кабарлады.
Анын айтымында, соттук отурум эртең, 12-декабрда өтөт.
"
БШК менин талапкерлигимди четтетүү боюнча чыгарган чечимине каршы 10-декабрда арыз жаздык. Сот отуруму 12-декабрда өтө турган болду. Мен тараптан эч кандай мыйзам бузуу болгон жок, тескерисинче мыйзамды БШК бузду деп эсептейбиз. Андыктан сот биздин пайдабызга чечим чыгарат деген ишенимдебиз", - деди Чороев.