Атамбаев келмек. Кой-Таш иши боюнча соттук отурум 7-октябрга жылды
- 02.10.2020, 12:40,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 2-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Кой-Таш окуясы боюнча иш каралмак. Бирок жактоочулардын бири ооруп келбей калгандыгына байланыштуу 7-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
"Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын биринин жактоочусу ооруп жатыптыр. Ал судьядан өтүнмө кылып, процессти жылдырууну суранган экен. Буга байланыштуу 5-октябрга белгиленген соттук отурум дагы өтпөйт. Кийинки процесс 7-октябрда саат 10:00 болот" , - дейт жактоочу.
Эске алсак, бүгүнкү процесске мурдагы өлкө башчы
Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүп жаткан.