У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттикке талапкер Бабуржан Төлбаев биринчилерден болуп 30 миӊ шайлоочунун кол тамгаларын БШКга тапшырды


10-январда өтө турган президенттик шайлоо талапкер Бабуржан Төлбаев биринчилерден болуп, 30 миңден ашуун адамдын колу коюлган баракчаларды Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды.
 
БШКнын маалыматына ылайык, кол тамгалар чогулган документтерди талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү тапшырган. Кол тамгалар топтолгон документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү эртең түнкү саат 00:00 аяктайт.
 
Талапкер 30 миңден кем эмес, жана 60 миңден ашык эмес кол тамгаларды тапшыруусу керек. БШК сегиз күндүн ичинде топтолгон кол тамгалардын тууралыгын текшерип чыгат.
 
14-декабрдан тартып БКШ президенттикке талапкерлерди каттайт. Катталган талапкерлерге эки күн аралыгында мандат берилет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter