У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактарын жараксыз деп тапты


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактарын анык эмес деп тааныды. Буга Чороевдин фондунан каражат кол топтоо үчүн кеч жүргүзүлгөндүгу себеп болгон. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

7-декабрдагы жыйында шайлоо фондунун каражаттарынан кол коюу барактарын даярдоого акы тѳлѳѳ күнүнѳ чейин даярдалган президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактарын анык эмес деп таануу чечимин кабыл алды.

"Кол чогултуу талапкердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Кол коюу барактарын даярдоо жана кол чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу кол коюу барактарын даярдоо акысы төлөнгөн күндөн тартып башталат", - деп жазылат маалыматта.

БШКнын алдындагы Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун маалыматына ылайык, Чороевдин шайлоо фонду 2020-жылдын 11-ноябрында ачылган. Кол коюу барактарын даярдоо үчүн акы тѳлѳѳ талапкер Чороевдин шайлоо фондусунун каражатынан 2020-жылдын 3-декабрында жүргүзүлгѳн.

Конституциялык мыйзамдын 52-беренесинин 9-бѳлүгүндѳ "Эгерде ушул беренеде каралган талаптар сакталбаса, кол коюу барактары жараксыз деп эсептелет" деп белгиленген.

Кубан Чороевдин кол коюу барактарын анык эмес деп таануу боюнча чечим кабыл алды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter