У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кубанычбек Жумалиев ага тиешелүү медициналык окуу жай Пакистандын кара тизмесине кирип калганына нааразы


Кубанычбек Жумалев 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Пакистандын Кыргыз өлкөсүнүн медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча ТИМ нота жөнөтүшү керектигин айтты. 

"2-октябрь күнү Пакистандын медициналык кеңеши Кыргыз мамлекетиндеги медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизди деп жарыяланган. Тышкы иштер министрлигине кат жаздым. Пакистандын медициналык кеңешмесинин мамилеси Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишүү деп эсептейм. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги тез аранын ичине Пакистандын өкмөтүнө, парламентине нота жөнөтүшү керек. Кыргыз мамлекетинин 18 медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени менен дүйнө жүзүнө уят кылды", - дейт ал.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter