У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат Кубанычбек Жумалиев абалы оорлошуп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканы айтылды


Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев пневмония илдети менен ооруканага түшкөнү айтылган. Анын абалы оор экенин, жасалма аппаратта жатканын жарандык активист Мелис Аспеков жазып чыкты.

"Маалыматты жакындарына чалып тактадым. Чынын айтканда мындай кабарды угуп жаман абалда калдым. Буга байланыштуу Фейсбукка дагы билдирүү калтыргам", - дейт Мелис Аспеков.

Жарандык активист Фейсбукка төмөндөгүдөй билдирүү калтырган.
"Ушул жаңылыкты окуган соң, ички дүйнөм бушайман болуп жатат. Кубанычбек байкенин батырак сакайып кетишин каалайм, абалыңыз оор экен. Мага бир топ адамдар чалып, жазып жатышат. Муну куран уруп баштады деп. Андайды уккандан кийин, жүрөгүм зырп этти. Кайдан мен бердим, кайдан сиз ала калдыңыз... Роза эже жакшылап караңыз эми байкени. Деги дем ал байке, дем ал, токтоп калба... Бутка туруп кетип, мына сага, деп бир чоң медициналык борбор куруп салчы байке. Эл ыраазы болуп калсын!", - деп жазылат билдирүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter