У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кубанычбек Жумалиев Сыймык Жапыкеевден 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүндү


Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Сыймык Жапыкеевдин үстүнөн Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданды. Бул туурасында Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди. 

Жактоочунун айтымында, 2020-жылдын май айынын башында Facebook социалдык тармагында Сыймык Жапыкеев негизсиз билдирүү калтырган. Ал ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевдин 2,5 млрд доллары, менчигинде фабрика, клиника, жүздөн ашуун батири, хан сарайлары бар экенин жана мунун баары адал эмес жол аркылуу табылганын маалымдаган. Жумалиев өзүнүн кадыр-баркын коргоо максатында сотко кайрылып, Жапыкеевден 10 миллион сом өндүрүп берүүнү суранды.

«Бүгүн мен, Жумалиевдин жактоочусу катары, Жапыкеевдин үстүнөн сотко арыз бердим. Моралдык чыгым 10 миллион сомго бааланды. Соттон утуп чыксак, акча кайрымдуулук иштерге жумшалат», — дейт Жумашев.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter