У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Мыйзамсыз текшерип жатат". Жумалиев Сыймык Жапыкеевди сотко берет


Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеевди сотко бере турганын билдирди.

Анын айтымында, Жапыкеев жабылган ишти кайра башынан ачтырып, ага жана бир туугандарына таандык мүлктөрдү мыйзамсыз текшертип жатат.

"7-сентябрда ишти Финпол жапкан, прокуратура 14-сентябрда аны менен макул болгон. Жапыкеев келип алып өзүнүн курсташы аркылуу ишти кайра жандандырыптыр. Финпол буга чейин эл аралык аудитордук компанияга текшертип, мыйзамсыз байыганымды аныктай алган эмес. Эми Жапыкеев "кухнясында" отуруп алып элге калп айтып, анын негизинде кечээ мага тиешелүү эмес, бирок эжемдердин, башка бир туугандарымдын мүлкүн тинтишти. Бет капчан, куралчан балдар барыптыр, булар эмне террорчу же киргизбей коё турган адамдар беле. Жөн эле чакырып сүйлөшсө болмок", — деди Жумалиев.
Мындан улам ал Жапыкеев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз иштерге барып жатканын айтып, аны сотко бере турганын белгиледи.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter