Башкы прокуратура: "Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш иши козголгон эмес"
- 04.11.2020, 12:58,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш иши козголгон эмес. Мындай маалыматты бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев жыйында айтты. Ал пандемия шартында чет элден келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 6 иш козголгонуна токтолду.
"
Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлерине карата дары каражаттарын сатуу боюнча кылмыш иши козголду. Ишти Финпол карап жатат. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш иши козголгон эмес. Эгер тергөө анын катыштыгын аныктаса жоопкерчиликке тартылат", - деди Зулушев.