Жапаров Башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевди сунуштады
- 21.10.2020, 14:42,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Премьер-министр Садыр Жапаров Башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Талант Мамытов журналисттерге билдирди.
Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайланган. Ал эми 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Эл арасында Зулушев Бакиевдин сүймөнчүк соту болгону туурасында сөздөр айтылууда.