У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карантинде таратылган гумжардам боюнча кылмыш иши козголду


 Карантин учурунда таратылган гуманитардык жардам туура эмес таратылган. Бул факты боюнча №19 жергиликтүү муниципалдык башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
 
Анын айтымында, гуманитардык жардамды туура эмес тараткан №19 жергиликтүү аймактык башкармалыгынын башчысы кызматтан бошотулду. Карантин учурунда  гуманитардык жардамды бир нече ирет алган жарандар жана такыр жардам албай калган адамдар болгон. 
 
“Ушундай адамдар болот.  Биз бардыгына тегиз таратып бергенге жетишпей калдык. Бирок, бизге УКМК, ИИМ тарабынан көзөмөл күч. Учурда бир жергиликтүү муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси жана эки-үч кварталдык кызматкер сурак берүүдө. Ошого карабай мен 95 пайыз гуманитардык жардамды калыс таратылгандыгын айта алам”, – деди  Түлөбаев.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter