У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Курманкул Зулушев: «Коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт»


Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында жүргүзүлүп жаткан иштер күчөтүлөт. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 4-октябрдагы маалымат жыйында билдирди. 
 
«Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда орун алган коррупциялык схемалар аныкталып, аларды толук жоюуга аракеттер жумшалат. Ошону менен бирге ченемдик фактыларга карата коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүлөт. Социалдык тармактарда, эл арасында айтылып жаткан бажы, салык, медицина, лицензиялоо, курулуш ж.б тармактарга текшерүүлөр уюштурулат»,-деди Зулушев. 
 
Ошондой эле ал коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу үчүн бөлүнгөн  каражаттардын жана  мамлекетке келип түшкөн гуманитардык жардамдардын максаттуу пайланышын текшерүүгө алуу да күчөтүлө турганын кошумчалады. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter