У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мелис Мырзакматов Ош шаардык соту тарабынан акталды


Ош шаардык соту Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун ишин карап чыгып, иште кылмыштын курамы жок болгондуктан актады. Ошондой эле Ош облустук соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Ал эми Жогорку Сот 19-октябрда бул ишти карап чыгып, өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү Жогорку Сот Мелис Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык сотунун 15-октябрындагы жана Ош облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 16-октябрындагы өкүмдөрүнө карата Ош шаардык прокуратурасы тарабынан келтирилген кассациялык сунуштун негизинде жазык иши каралды.
Жогорку Сот Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык жана Ош облустук сотунун өкүмдөрүн күчүндө калтырды. Ош шаардык прокуратурасынын кассациялык сунушу канааттандыруусуз калтырылды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter