Мелис Мырзакматовдун соту 25-мартка жылды
- 11.02.2020, 11:32,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун 10-февралга белгиленген соту 25-мартка жылды. Дээрлик 6 жылдан бери сыртта качып жүргөн Мырзакматов Кыргызстанга кайтып келүү үчүн соттон акталуу аракетин көрүп келет.
Ага 2014-жылы ноябрда кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланып, 2015-жылы Ош шаардык соту тарабынан сыртынан жети жылга соттолуп, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыккан болчу.
Ал Оштун мэри болуп иштеп турганда эстакада көпүрөсүн курууда 30 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айыпталган.