Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев акталды
- 03.06.2020, 12:38,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди Жогорку Сот толук актады. Бул тууралуу маалыматты анын жактоочусу билдирди.
Маалыматка ылайык, Жогорку Соттун коллегиясы буга чейинки инстанциялардагы актоо чечимин күчүндө калтырган.