У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жабыр тарткан 13 жашар кыздын энеси Айбек Эрнис уулун иштен кетирүү үчүн кол топтоодо


Үрөй учурган кылмыш жасаган адамды актап, ээн кое бергендиги үчүн Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча жабыр тарткан 13 жаштагы кыздын апасы кол топтоп жатат. Азыр 1300 адам кол койгондугу маалым болду. 

Кыздын апасынын айтымында судьяны кызматтан алуусун өтүнүп президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылган.

Эске салалы, Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессияда депутат Айсулуу Мамашова Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун айтып чыккан.

Кыргызстандын Жогорку соту бул кылмыш иши боюнча айыпталуучу үй камагында экенин маалымдоодо. Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамы жок» деген негизде шектүүнү актаган. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Азыр прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши Жогорку соттун өндүрүшүндө


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter