Бүгүн сот "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы арызын карайт
- 07.09.2020, 09:57,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы арызын карайт. Бул тууралуу партия лидери Адахан Мадумаров билдирди.
"Биз 3 күндөн бери Кыргыз өлкөсүндөгү эң мыкты делген адистер, жактоочулар, укук коргоочулар менен отуруп "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттабай коюуга мүмкүнчүлүк тапкан жокпуз. Конституция жана шайлоо мыйзамдары боюнча бизди каттабай коюуга эч кандай себеп жок. Азыркы болуп жаткан кырдаалдын чыңалышына БШК гана күнөөлүү. Соттук териштирүү бүгүн саат 16:30га белгиленди", - деди Мадумаров.