У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Кыргызстан" партиясы ичинен ыдырап, ооматы кетти…


Жогорку сот 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын карады. 

Натыйжада, Бишкектин административдик сотунун «Кыргызстан» партиясынын кызыкчылыгына чечкен чечимин күчүндө калтырды. Чечим дароо күчүнө кирет, үстүнөн арызданууга болбойт.

Эске сала кетсек, БШК документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтерин 25-августта артка кайтарган. 

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган болчу.

Ошентип, «мыйзам эрежеси бузулду, «Кыргызстан» шайлоодон четтеш керек, мыйзам баарына бирдей» деген жарандык коомдун үнүн соттор кулак сыртынан кетиришти. Сыягы, алакандары ысып, ооздору жакшы эле майланса керек. 

Бирок кандай болгон күндө дагы БШК «Кыргызстан» партиясын каттабаш керек. Сот БШКны партияны каттаганга милдеттендирбейт. Каттоо убагы өттү. 6да жөнөп кеткен поездди артка кайтарып келип, «Кыргызстан» партиясын отургузуш керек деген акылга сыйбайт. 

Бирок, сот «Кыргызстан» партиясына чечим чыгарган менен партия ичинен ыдырап, талапкерлердин көбү чыгып кетишти. Маселен, Нурбек Сыдыгалиев, Сайдула Нышанов«Кыргызстандан» чыгып «Мекеним Кыргызстан» партиясына иштеп бермей болушса, Жыргалбек Саматов сыяктуу көптөгөн талапкерлер фондго кошкон акчаларын алып, партиядан кетип калышканы сөз болуп жатат. 

Булардан башка дагы жер-жерледе штабдарда иштеген көптөгөн адамдар башка партияларга өтүп кетишкени маалым болду. 
Кыскасы, «Кыргызстан» партиясынан оомат кетти. Эл назарынан калышты. Шайлоого катышкан күндө дагы өтпөйт. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter