БШКнын чыры бүтпөс болду. Адахан Мадумаров БШКны сотко бермей болду
- 04.09.2020, 11:04,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген эмес, буга байланыштуу бүгүн, 4-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери жана мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп жатышат.
Анда партиянын лидери Адахан Мадумаров жана партия өкүлдөрү кечээги, 3-сентябрда БШКнын "Бүтүн Кыргызстан" партиясы техникалык ката кетиргени үчүн шайлоодон четтетүү боюнча чечимине каршы экенин билдиришүүдө. Партия лидери Адахан Мадумаров:
"Шайлоого катышууга үмүтүбүз чоң. Жогорку сотко кайрылабыз" , - деди.