Дагы 3 партия шайлоого катышуудан баш тартты…
- 24.08.2020, 16:38,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Дагы 3 партия парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.
“Бүткүл жаштар саясий партиясы”, “Таза коом”, “Адам-Демократ” партиялары шайлоого барбай турганын расмий жарыялашты.
Буга чейин 10 партия 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоог катышпай тургандарын айтышкан.
Ошондой эле документтери толук болбогону үчүн БШК “Мекенчил” жана “Ыйман нуру” партиясынын документтерин артка кайтарган.
Алар бүгүн саат 18:00гө чейин документтерин толуктап, талапкерлердин тизмесин тактап Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырбаса анда алар шайлоодон четтетилет.