У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Курсан Асанов «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанат

Генерал Курсан Асанов 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бара турган болду. Аталган партияга депутат Тынчтыкбек Конушбаев да кошулду. Бул тууралуу алар социалдык тармакчагы баракчасына жарыялашты.
 
Эске салсак, «Бүтүн Кыргызстан» партиясына «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев кошулганын билдирген.  Мындан сырткары аталган партияга 7 партия биригип, күздө өтүүчү парламенттик шайлоого бара тургандарын айтышкан. 
 
«Бүтүн Кырыгзстан» партиясына бириккен партиялар: 
1) “Кыргызстан коммунисттер” партиясы – Исхак Масалиев;
2) “Эрк” партиясы – Турсунбай Бакир уулу;
3) “Эгемен Кыргызстан” партиясы – Бектур Асанов;
4) “СССР” партиясы – Ишенбай Кадырбеков;
5) “Ак калпак” партиясы – У. Маматаев;
6) “Улуу көч” партиясы – А. Момунов.
7) “Бүткүл жаштар” партиясы – Ч. Капаров.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter