У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖКнын депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын айтты



Бүгүн, 21-майда парламенттин жыйынында "Өнүгүү-Прогрес" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев 25-майда мандатын тапшыра турганын жарыялады. Мындай чечимди кабыл алуусуна парламенттин, өкмөттүн, спкикердин ишмердигине сындардын көп айтылып жатканы себеп болгону менен түшүндүрдү. 
 
"Мен 15 жыл депутат болуп, парламенттин дарегине мынчалык сын айтылганын уккан эмесмин. Буга парламент өзү күнөөлүү»-деди депутат. 
 
Ошондой эле И. Масалиев, спикерге кайрылып, сын-пикирлерди чычалабай туура кабыл алуусун жана өкмөттү жактоону токтотууга чакырды.
 
Жыйында спикер Дастанбек Жумабеков Исхак Масалиевдин туулган күнү экенин айтып, аны куттуктады.
 
Эске салсак, 19-майдагы жыйынында Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети депутат Исхак Масалиев баштаган топ иштеп чыккан шайлоо босогосун тогуз пайыздан беш пайызга ылдыйлатуу тууралуу мыйзам долбоорун четке каккан.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter