У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Текебаев, Акаев, Момбеков, Сариев, Токтогазиев биригишти...


 Күздө Жогору Кеңешке болчу шайлоого бир күч болуп баруу үчүн белгилүү саясий күчтөр "Жаңы дем" деген ураандын астында биригишти.  

Тактап айтканда, өлкөдөгү алдыңкы саясий күчтөрдүн биригүүсү тууралуу декларацияга: 
Өмүрбек Текебаев — «Ата Мекен» партиясы, Темир Сариев — «Ак Шумкар» партиясы, Жанар Акаев «КЛДП» партиясы, Рыскелди Момбеков КСДПнын тобу, Тилек Токтогазиев «Жаңы Дем» коомдук кыймылы, Жашыл күчтөрдүн коалициясынан Азамат Темиркулов кол коюшту. 

Бул документте стратегиялык өнөктөштүк тууралуу жана жаңыланган саясий бирикменин максаттары белгиленет.

Биригүү боюнча кайрылууда:
«Биздин альянс — бул шайлоо алдындагы гана долбоор эмес. Узак мөөнөттүү максаттарыбыз бар. Негизги максатыбыз келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана жаңы күч катары элибиздин ишенимине ээ болуу. Биз «Жаңы дем» деген ураан алдында бириктик жана Кыргызстаныбызга жаңы дем болчу саясий күчтөрдүн жаңыланышын максат кылабыз. Биз бардык саясий партиялар, жарандык коом өкүлдөрү менен конструктивдүү кызматташууга даярбыз жана мекендин келечегине кайдыгер карабаган жарандарды өз катарыбызга чакырабыз», — деп айтылат.







 Ырасында, дал ушундай биригүүнү эл күтүп жаткан. Азыркы кырдаалда бийликке саясий баланс түзгөн биригүү зарыл болчу. Бул элдин үнүн уккан кадам десек жарашат. Мындай альянс шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир эте ала турган күч болот.

 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter