У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: "Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттар жетпей жатат"


Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттар жетпей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, 57 кычкылтек концентраторлору сатып алынып, ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилди.

«Эмне үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кайрылуу жасаган жок деп жатышат. Бир канча кайрылуу болгон. Өзүңүздөр түшүнүңүздөр, Россияда, бизде кычкылтек концентраторлору, жасалма дем алдыруучу аппараттар чыкпайт. Россия Федерациясында, Кытайда жана башка мамлекеттерде мындай абалды күтүшкөн эмес. Бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасынан кычкылтек концентраторлору, жасалма дем алдыруучу аппараттар келиши күтүлүүдө. Келип калса муктаждыкка жараша бөлүштүрөбүз», - деди Каратаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter