У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атайын күчтөр Кубанычбек Жумалиевдин үйлөрүн тинтүүгө алгандыгы айтылууда


Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин үйлөрүн атайын күчтөр тинтүүгө алгандыгы айтылууда. Бул тууралуу жарандык активист Мелис Аспеков жазып чыкты. 

"Бүгүн спецназ, олигарх Кубанычбек Жумалиевдин 3 хан сарайын тинтүүгө алды... Процесс жүрүп жатат" дейт активист. 

Буга чейин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевге жана анын жакындарына таандык көп сандагы мүлк аныкталганын  26-майда билдирген. Сотко чейинки териштирүүнү Башкы прокуратура жүргүзгөн.

Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү башталган.  Мүлктүн тизмеси тергөөчүлөрдө, азырынча ал ачыкка чыга элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter