Экс-президент Алмазбек Атамбаев 11 жылга соттолду
- 23.06.2020, 15:40,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 23-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болду.
Соттун чечими менен экс-президент Алмазбек Атамбаев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан дагы ажыратуу менен 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды.
Мурдагы президент Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып жаткан.