У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Дөө Чыӊгыз» деген каймана ат менен таанымал болгон кримтөбөл Чыӊгыз Жумагулов 5 жылга соттолду

Бүгүн, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Дөө Чыӊгыз» деген каймана ат менен белгилүү болгон кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду 5 жылга соттоду.
 
Сот Адылбек Эсенбаев Жумагуловду Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча актады. Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча («Ээнбаштык») менен күнөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты.

Мамлекеттик айыптоочу Жумагуловду 15 жылга кесүүнү сураган эле.
 
Ал эми анын шериктери Марсбек Тентиев менен Ильяс Айдакеев 13 жылга эркинен ажыратылды жана 193 миң сом айып салынды.
 
Булар башка кылмыштуу топтун эки мүчөсүн аёосуз сабап өлтүрүүгө шектүү катары былтыр 11-апрелде кармалган эле.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter