У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экс-башкы прокурор Жолдубаевага 15 жылга кесилеби?


Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан "Батукаев иши" боюнча 16-июндагы отурумда мамлекеттик айыптоочу мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 15 жылга эркинен ажыратууну, мамлекеттик сыйлыктарын жокко чыгарууну, үй мүлкүн мамлекетке чегерүүнү соттон суранды. 

Ошондой эле, мамлекеттик айыптоочу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жылга эркинен ажыратып, полковник чинин жокко чыгарууну жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду 13 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекетке чегерүүнү соттон сурады.

16-июндагы соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон сураганы белгилүү болгон. Кийинки соттук жараян 18-июнга белгиленди.

Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter