У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Прокурор Сапар Исаковду 20 жылга эркинен ажыратууну сурады

     
Прокурор экс-премьер-министр Сапар Исковду Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ипподромду оӊдоо иштериндеги коррупциялык иштери боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну суранды. Бул тууралуу бүгүн Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо боюнча козголгон кылмыш ишин кароо учурунда айтылды.
 
Маалыматка ылайык, Сапар Исаковдун күнөөсү толугу менен далилденди жана мамлекеттик айыптоочу Сапар Исаковду «Коррупция» 319-берене айыбы менен айыптап, 20 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялап, 247 миллион сом айып салууну суранды.
 
20 жылдык мөөнөт Бишкек ЖЭБин модернизациялоо ишинде Сапар Исаковдун соттолгон учурун да камтыйт. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча сот Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Тарых музейин оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилген деп айткан.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter