Ассоль Молдокматова апасы экөө дарыгерлерге тамак жасап, таратууда
- 03.04.2020, 13:27,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова өлкөдө карантин башталгандан тартып кайрымдуулук ацияларды активдүү өткөрүүдө. Элдин көңүлүн көтөрүү максатында үйүнүн балконуна чыгып, ырчыларды ырдатып, концерт да койду. Кыйын кырдаалда иштеп жаткан чек арачыларга, милиция кызматкерлерине чейин барып ал-акыбалдарын билип кайтууда. Эми апасы экөө күн сайын 200 порциядан ашык тамак жасап, дарыгерлерге таратып жатканын кабарлады.