У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бакыт Айдаралиев, тамада: “Элдин көңүлүн алуу чоң түйшүк...”


Ырчылыкты көп адамдар жактырышат. Анын үстүнө кыргыз элинде ырдай албаган адам аз эле. Сүйлөп жатканыбыз ырдап жаткандай таасир калтырган уюткулуу элдин балдары болгондуктан бардыгыбыз эле ырга жакынбыз. Ошол себептен кесип тандоо алдында көпчүлүгүбүз ырчы болууну самайбыз. Ырчылардын эле жашоосу жыргал, жеңил сезилгени менен сахнага жаркырап чыкканга чейинки түмөн түйшүгүн качан гана аралашканда билет экенбиз. Мына ушундай чыгармачылык жолун ырчылык менен баштап бирок аягына чыкпай тамадалык өнөрдү аркалап кеткен Бакыт Айдаралиевди кепке тарттык.

- Бакыт мырза,  ырчылык өнөрүңүздү таштабай  улантып жатасызбы же тамадалыктан чолоо тийбей жатабы?
- Чыгармачылыкка негизи алгач ырдап жүрүп аралашкам. А түгүл бир-эки ырыма клип тарттырып, бир канча каналдарга бергем. Өзүңүзгө маалым эмеспи, чынында баш отум менен киришип, жакшы иштеп баштагам. Бирок тилекке каршы ал ишимдин жемишин күтпөй эле жакшылыктын жарчысы болуп кеттим. Бирок көкүрөктөгү көксөөм тынчтык бербегендиктен тойлордо ар дайым ырдап черимди жазам. 

Адамдар атактуулукка эмнеге умтулушат деп ойлойсуз?
Менин оюмча бул ар бир инсандын өзүнө гана  таандык сапат деп билем. Кээ бирөөлөр  чындап атактуу болсом дешет. Эл мени карап турса, атактуу болсом деп умтулат. Айрымдары   жылдыз оорусу менен ооруп жатканын көрүп, билип эле жатпайбызбы. Атактуулуктун жаман жагы да, жакшы жагы да бар. Жаманы ээн-эркин жашай албай ар дайым көзөмөлдө жүрүү болсо, жакшы жагы абдан эле көп. Бир эле мисал келтирели, азыркы замандын талабына ылайык кандайдыр бир сайттардан катталуучуларды топтоп, кардарлардын товарларын жарнама кылып акча таап жатышпайбы... Баспай калды дегенде жарнама менен жан бага алышат. Ошол себептен кандай жол менен болсо да атактуу болууга умтулгандардын саны күн санап өсүүдө.

- Өз формамды өзүм тигем дечү элеңиз, жубайыңызды көп сындасаңыз керек тигүү жактан?
Сиз айткандай  башында келинчегимден берчи деп ала койгон күндөрүм болгон. Азыр болсо   келинчегим мага карматпай эле өзү тигип берип калды. Анткени дизайнерликти өздөштүрүп, өзү эле мыкты формаларды тигип берүүдө.  

- Элге жагуу өтө оор. Өзгөчө тамада болуү андан да оор. Тамадалыктын түйшүктүү жактарына токтолсоңуз...
- Чынында тамадалык өнөр өтө оор кесип.  Мисалы ырчы ырдаганды эле билиш керек болсо, биз  ырчы да, бийчи да,  керек болсо куудул, ошону менен катар  тарыхчы, санжырачы  деги койчу, көп өнөргө ээ болушубуз керек. Бир тойго 300 инсан мейман болсо,  ар биринин көңүлүн табуу, той ээсинин ишеничин актоо бул өтө чоң түйшүк деп ойлойм.
- Маек курган Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter