У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Назира Айтбекова: "Ажонун партиясын айла жок шайлаган "Эгемен" күнүбүз кут болсун!"


Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова кыргызстандыктарды эгемендүүлук күнү менен куттуктады:

"Эгеменбизби? Эгеменбиз го ээ? Орустардан уруксатсыз дем ала албаган "Эгемендик" бар! Оюңду ачык айткандан соң, кечирим сураган "Эгемендик" бар! "Эл эмне дейт?" деген "Эгемендик" бар. Кендирди кескен кенедей маяна алган "Эгемендик" бар! Каадаңа каршы чыгып , күнөө болот деген "Эгемендик" бар! Каалагандай кийинейин десең чымчып турган "Эгемендик" бар! Киндиктен байлап, кирешеңди кошо мойсогон Кредит деген "Эгемендик" бар. Ой атүгүл эрди - катын бирин бири эки карыш бастырбаган "Эгемендик" бар да эй! 
Ажонун партиясын айла жок шайлаган " Эгемен" күнүбүз кут болсун! А кокуй, тышкы карыз деген "Эгемендик" бар да! Өз укугуңду коргой албаган "Эгемендик" бар! Кыскасы , аябай Эгеменбиз! Бар бололу! Чыныгы Эгемендүүлүктүн маанисин түшүнгөнгө чейин аман бололу!"  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter