У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Назира Кадыева, ырчы, алып баруучу: «Менин эң чоң устатым апам...»


Адам ар тараптуу болушу керек. Өзгөчө биздин замандын адамдары ар тараптан өнүккөн, бир эле учурда бир нече ишти аркалаган адамдар. Мына ушундай аракетчил инсандардын катарында чыгармачыл чөйрөнүн ийне-жибине чейин билген профессионал алып баруучу, ырчы Назира Кадыева да бар. Назира айым бир канча убакыттан бери “Ачыгын айтканда” аттуу ток шоуну алып барып, бир топ көйгөйлүү маселелерди коомчулукка алып чыгып келет. Жакында эле анын аткаруусундагы ырга күйөрмандары күбө болушту. Аракетчил айымга микрофон узаттык.

  • Назира айым, "Ачыгын айтканда" ток шоусу бир топ олуттуу маселелерди, кээде курч темаларды талкуулайсыздар. Ток шоуну алып баруу, кырдаалды жөнгө салып туруу адаттагы көрсөтүүлөрдү алып баргандан бир топ оор болсо керек?
  • Албетте, ток шоуну алып баруу оор процесс. Мен жумушумдан ырахат алам. Ошол себептен кыйынчылыгына карабай алектенип келем. Кээде сөз менен маселе чечилбегенине, өлкөбүздө мыйзамдар толук кандуу иштебегенине зээним кейисе, кээде берүүдөн соң  жакшы жыйынтык болсо, бактылуу болом! Баарынан да каарман табуу өтө оор. Ага карабай аракет кылып келебиз. Өзүңүздөр билгендей чет өлкөдө ток-шоу көп акчага жасалат. Баарынын кызматына акча төлөнөт, каарманга да, экспертине да, бизде өзүбүз эле реалдуу ток-шоу жасайбыз. Кай бир учурда каармандар бет капчан чыкса, окуя чындыкпы, актёрлор ойноп жатабы деп сурашат, айтаарым ар ким эле ачык айтып, проблемасын элге бөлүшкүсү келе бербейт, ошол себептен жашыруун калтырууну суранышат.

  •  Ырдап да жатасыз, ырчылыкка өтөйүн деп чечтиңизби? Клип тартуу, элге жеткирүү оор бекен? Репертуарыңызды кеңейтейин деген планыңыз барбы?
  • Ырчылык бала кезден алып келе жаткан өнөрүм. Ырчылыкты да, алып баруучулукту да чогуу алып кетем, буюрса. Репертуарымда көп ырлар бар, кээде адамдар жакшылыгына чакырып да калышат. Ыр жаздыртып, клиптерди тартырайын деген пландарым бар.

  • Ар бир чыгаан адамды шыктандырган, ошол жолго салган устаты болот эмеспи. Сиздин устатыңыз ким?
  • Ар бир инсанды жарык дүйнөгө алып келген адам анын биринчи устаты эмеспи. Анын сыңарындай менин эң чоң устатым апам. Ар бир сөзүн кыя өткөрбөйм. Апам мен үчүн океан. Көп кырдуу, миң сырдуу инсан. Жашоо, турмушта да мени саяпкердей таптап келип, чоң жарышка кошкон менин апам! Ал эми колдоп дайым ийгиликке үндөгөн инсандарым ого эле көп, журналистикада Сутенова Байма Жапаровна, Кыргызстан Обондорунда жүргөндө менден акыл, кеңешин аябаган Лилия Абдыбаитова, телеканалда мага жакшы устат, мыкты мотиватор Жайнак Усен уулу болду. Мага ишеним көрсөткөн инсандарга терең таазим этем!

  • Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter