У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айтбекованын асыл сөздөрү, ачык сүрөттөрү кайрадан эл талкуусунда

Белгилүү алып баруучу, блогер Назира Айтбекова жыл сайын бир маал жаңы фотосессиялары менен катталуучуларын дүрбөлөңгө салып турмайы бар. Быйыл да пандемиянын запкысын тартып, психологиялык оор абалда турган элдин көңүлүн өзүнө буруп, асыл ойлору, ачык сүрөттөрү менен байма бай бөлүшүүдө. Алардын биринде адам баласынын жашырынып, элдин оюнан корунуп жашап жүргөндүгү тууралуу ойлорун калтырган.

"Катынып, кымтынып, бекинип, жашынып жашайт жан. Алгач денеге жашынат. Сыртынан кийимге. Анын сыртынан бет кабына. Башка образга жашынат. Биз өмүр бою жашынып, келе жатабыз. Эмнеден улам? Коркобузбу? Кимден? Элдин оюнанбы? Эл жаман ойлоп калса эмне болот? Жан дүйнөңдө кыжалат болосуңбу? Эмнеге кыжалат болосуң? Сүйүлбөй калган үчүнбү? Башкаларга сүйүлүп, башкалардын көзүнө, көңүлүнө кирүү ошончо маанилүүбү? Өзүңө жагышчы? Сен өзүңө канчалык деңгээлде жагасың? Күзгүнүн алдында да, абийириңдин алдында жыпжылаңач чечинип алып, өзүңдү бир карап көрдүң беле? Өзүңө өзүң канчалык деңгээлде жагат экенсиң анан? Өзүң менен өзүң чындыкка чыктың беле? Каталарыңды эсептеп, моюндап көрчү? Биз өзүбүздөн иренжип, жашынарыбызды билет белеңиз? Биз өзүбүздү кабыл албаганыбыз, сүйбөгөнүбүз үчүн башка бирөөгө жагуу ушунча маанилүү! Уктуңуз беле? Сен өзүңдүн ким экениңди, эмнеге татыктуу экениңди, өзүңө канча баа берериңди так билгенде гана башканын ою менен эсептешпей каласың. Эй, адам баласы, жашынба! Чык бери! Абийириңди алдында чечин, жылаңачтан! P.s. " Жылаңачтандым" деген сүрөт" дейт Айтбекова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter