У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тынар Курбаналиев: "Анжелика баатыр болушу үчүн ак үйдүн алдына автомат көтөрүп барышы керек эле"


Ырчы Анжеликага "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамын берели деп айланасындагылардын бирөөсү жазып чыккандан бери социалдык тармактарда бул  маалымат чоң талкуу жаратып жатат. Баатырлык кимдерге, кандай эмгек кылгандарга берилээрин анчейин түшүнүп-түшүнбөгөндөрдүн сунушуна атактуусу деле, жөнөкөй интернет колдонуучусу деле теригип, айрымдары чын дилинен кубаттап жатышат. Бул тууралуу бегилүү куудул Тынар Курбаналиев да оюн билдирди.

"Анжелика баатыр болушу үчүн ак үйдүн алдына автомат көтөрүп барышы керек эле. Ошондо берсе болмок. Кандай дейсиздер?" дейт куудул. 

Ан чын-чынына келгенде аталган сыйлык мыктылардын мыктысы, мамлекеттик жана саясий ишмер  Исхак Раззаков, залкар жазуучубуз Чынгыз  Айтматов  баштаган, кайталангыс талант Сабира Күмүшалиева коштогон, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев, заманыбыздын залкар жазуучусу Бексултан Жакиев жана башкалар бештеген могикандарга берилип келген...

Эгемендүүлүк күнү жакындаган сайын "баланчага сыйлык берилиш керек", "түкүнчөгө сыйлык керек" дегендердин саны арбыды. Ошентсе да мамлекеттик сыйлыктар калыс, чындап кайсы гана тармак болбосун майын чыгара иштеп, өмүрүн өзү тандаган тармакка арнап келе жаткан профессионалдарга берилсе деген тилек. Өмүр бою театрларда, музейлерде, мектептерде, медицина тармагында бир барак сыйлык албай эмгектенип келе жаткандар үн катпай жүргөн чакта улуулардын башын тебелеп-тепсеп, эмгеги элге сиңбей жатып сыйлык алгандарга калк өзү күбө...





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter