Куудул Тынар Курбаналиев эки тараптуу пневмония менен ооруп жатат
- 30.07.2020, 16:27,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Куудул Тынар Курбаналиев эки тараптуу пневмония менен ооруп жатат. Учурда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы аймактык ооруканада дарыланып жаткан куудулга байланышканыбызда, абалы канааттандырарлык экенин айтты.
"Аймактык ооруканада дарыланып жатам. Бейтапканага 5 күн мурда кайрылгам, эки тараптуу пневмония диагнозу менен жаттым. Акыбалым канааттандырарлык, дарыгерлер жакынкы күндөрү жакшы болуп кетесиң деп жатышат", - деди ал.