У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурлан Салидинов, актёр: “Ырчы болуу тилегиме жетпей калдым...”

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында дээрлик 20 жылдан бери эмгектенген, котормо студиясында жүздөгөн каармандардын үнүн коштоп келген актёр, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, С.Жумадылов атындагы сыйлыктын ээси Нурлан Салидинов  менен маектештик.



- Нурлан мырза, сиздин дүйнөңүзгө  театр  жакыныраакпы же кинобу? 
- Театрда иштегениме 20 жылдан ашык убакыт болуп калды. Албетте театрга көбүрөөк ыктайм. Анткени театр бул жандуу чөйрө. Театрда биз ар дайым эл менен тыгыз байланышта болобуз. Театрдын эң жакшы жагы – артист үчүн өмүр боюу мектеп болуп берет.

(Ч.Айтматов "Кылым карытаар бир күн" спектакли. Казангап - Н.Салидинов. Реж: Н.Мендебаиров)

Айтайын дегеним бүгүнкү ойногон спектаклиң купулуңа толбой калса, аны кийинки ойногондо түздөп кете аласың. Ошентип кайра-кайра ойной берип улам кемчиликтериңди түздөп отуруп мыкты образ жаратып аласың. Ал эми кинодо бир жолу тартыласың. Жараткан образың купулуңа толсо да, толбосо да экранда ошол бойдон кала берет. 

(Ч.Айтматов "Саманчынын жолу" спектакли. Субанкул - Н.Салидинов. Реж: М.Козукеев, КР Эмгек сиңирген артисти)

- Негизи кино жагынан көбүрөөк популярдуулукка жетүүгө болот да?
 - Ооба, чындыкты моюнга алыш керек. Кино аркылуу атактуулукка тезирээк чыкса болот. Театрлар негизи башынан өткөөл мезгилди өткөрбөдүбү, ошентсе да мурдагыга салыштырмалуу учурда театрга адамдар көп эле келип калды. Менин жеке  баамымда элдин баары агылбаса да театрдын өзүнүн  туруктуу көрөмандары бар. 

(Б.Чотурова "Рамаяна" спектакли. Жанака хан - Н.Салидинов. Реж: Н.Мендебаиров)

- Сиздин “Исхак Раззаков” көркөм фильминде Дөлөн Өмүрзаковдун образын жаратканыңызды билебиз. Ушул тасма тууралуу кеп салсаңыз...
Бул фильмдин режиссёру Алим Токторов мага өзү байланышып, жолугушууга чакырды. Колунда Дөлөн Өмүрзаковдун сүрөтү бар экен. Ушу кишиге түспөлдөш актёр керек болуп жатат деп калды. Чындыгында мага бир аз окшошуп кетет экен. Сизге окшош экен, аткарасыз дегенинен токтоосуз эле макул болдум. Себеби Раззаков жөнүндө тартылган тасма салмактуу болоооруна көзүм жетти.

(“Исхак Раззаков” көркөм фильми. Д.Өмүрзаков  - Н.Салидинов. Реж: А.Токторов)

1953-жылы 15 союздук республиканын ичинде спартакиада болгон экен. Тагыраагы СССРдин ичинде. Ошондон  Кыргызстан 15-орунду алган экен. Эми бул намыстана турган нерсе да. Ошондо  Исхак Раззаков кыргыз спортуна жакшы жетекчи алып келиш керек болуп, Дөлөн Өмүрзаковду бул орунга ылайык көргөн экен. Ал учурда Дөлөн Өмүрзаков 30 жаштан тегерегиндеги эле бала болуптур. Ленинградда аспирантурада окуган, мыкты  спортчу экен. Ушул жаш, жигердүү жигитти алып келип, кыргыз спортун жетектеткени   кыргыз спорту жалаң өсүү жолуна арыш таштап, өнүгүүгө ушул инсандын эмгеги зор деп айтылып жүрөт. Балким бул инсан айрымдар үчүн таанылбаган эле, катардагы бирөө болушу ыктымал. А чынында жөн адамдын аты килейген спартак стадионуна берилбейт. Дегеним, азыркы биздин стадион Дөлөн Өмүрзаковдун атын алып жүрөт. Мындан сырткары фильмдин баштан аяк кадрдан сырткаркы тексттерин мен окугам.
 
- Сиздин үнүңүздү тааныбаган бөбөк жок болсо керек. Мен билгени бардык кыргыз тилдүү мультфильмдерде үн коштогонсуз.  Котормодо сиздин чыгармачылыгыңызга өзгөчө таасирин тийгизген ролуңуз кайсы болду?
- Туура, котормодо бир топ убакыттан бери түрдүү фильмдерди, мультфильмдерди, сериалдарды которууда үн коштоп келебиз. Алардын арасында менин чыгармачылыгыма өтө деле таасирин укмуш тийгизип жибербесе да эл үнүмдөн тааный турган образ бул “Даңазалуу доор” сериалындагы Үрүстөм пашанын үнү болду.


- Чыгармачылыкка атактуулук үчүн аралаштыңыз беле же жеке жан дүйнөнүн жыргалчылыгы үчүнбү?
Жаш, жалындуу кезде популярдуулукту көздөсөм керек. Бирок негизи өзүмдүн дүйнөм, көксөөм дал ушул чөйрө экенин кийин билдим.

(Б.Калчабаева "Баяндуу махабат" спектакли. Жумадил - Н.Салидинов)
Атактуулуктан мурун жан дүйнөнүн тынчтыгы, каалоосу башкы орунга чыгып калат. Атактуулуктун артынан куубаш керек. Ал эгер кудайдын көзү түз болсо өзүнөн өзү эле келе турган дөөлөт.

(Б.Брехт "Өлөрман эне жана анын балдары" Кичүү уулу - Н.Салидинов. Реж: Ш.Дыйканбаев)

Мен негизи ырчы болгум келчү. Тагдырдын буйругу экен, театр чөйрөсүнө келип калдым. Бул жакка келгени театр дүйнөсүнө сүңгүп кирип кеттим. Ырчылык негедир экинчи планга калып калды. Азыр деле ырдагым келгенде ырдап коем. Бирок ырчы болуу тилегиме жетпей калдым.

(Н.Коляда "Шанель айым" спектакли. Асылбек Акылбекович - Н.Салидинов. Реж:З.Аклаева, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер)
Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter