У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн, 15-майда өнөр адамдары Эл акыны Сооронбай Жусуевди эскеришти


Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз  Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата- Мекендик Согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуев көзү тирүү болгондо бүгүн 15- май күнү 95 жашка чыкмак.

Бул күндү Кыргыз Республикасыны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Сооронбай Жусуевди эскерүү күнү” деп жарыялап,  маданият ишмерлери акындын ырларын окуп, чыгармачылыгына жана басып өткөн өмүр жолуна кайрылышты. 



Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Орто мектепти аяктаары менен Улуу Ата-Мекендик согушка аттанып, атактуу Панфилов дивизиясында кызмат өтөгөн. Согуштан кайткандан кийин 1946–1947-жылдары Совет районундук "Коммунизм үчүн" гезитинде жооптуу катчы болуп иштеп, 1947–1949-жылдары Ош мамлекеттик мугалимдер институтунда билим алат. Аталган окуу жайынын кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөндөн кийин, 1951-жылы Ош облустук "Ленин жолу" гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштейт. Ошол эле жылы Москванын Максим Горький атындагы адабият институтуна тапшырып, билим алат. Адабият институтун аяктап келгенден кийин "Ала-Тоо" адабий көркөм журналынын башкы редактору, "Чалкан" сатиралык журналында жооптуу катчы болуп эмгектенген.

Сооронбай Жусуев токсондан аша жашап, көзү өткүчө улуттук адабиятыбызга нар көтөргүс салым кошкон. Кыргыз поэзиясынын казынасын байытып 11 томдук ыр жыйнактарын мурас калтырган. Бир нече ырларына чыгаан композитор, обончулар обон жараткан. Котормочу катары да орус, казак, өзбек элдеринин чыгаан акындарынын ырларын, Шекспирдин драмаларын кыргыз тилине которгон. Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 1981-жылы ал "Кыргыз ССРинин эл акыны" наамы ыйгарылган.
1998 -жылы ыр менен жазылган “Курманжан Датка” романы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
2005-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму Сооронбай Жусуевдин чыгармачылык ийгиликтерин баалап, Алтын медаль менен сыйлаган. 2007-жыл "Кыргыз Республикасынын Баатыры" ардактуу наамы ыйгарылып, "Ак шумкар" өзгөчө белгисине татыктуу болгон.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter