У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү башталды...


Бүгүн 21-февралда Баткен шаарында Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулашууда. Жолугушуга Кыргызстандан элчи Жаныш Рустенбеков, Баткен облусунун башчысы Алишер Абдрахманов жана өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүл Назирбек Бөрүбаев катышууда. 

Тажик вице-премьери өз сөзүндө эл арасында ишенимди калыптандырыш керек экенин, эки тараптуу жумуш тобунун ишине да эл ишениши зарыл болорун айтты. Ошону менен катар ал жолугушуунун жыйынтыгы менен макулдашууга келип, документ кабыл алыш керек экенин белгиледи.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгени январь айында кабарланган. Мындан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылууда.

Буга дейре, Баткен облусунун мурдагы жетекчиси Султан Айжигитов жер алмашууда Кыргызстан Тажикстандан эч кандай жер албай турганын, Кыргызстан өзүнүн жерин, Тажикстанга мыйзамсыз өтүп кеткен өзүнүн жерине алмашканы жатканын маалымадаган. "Чек ара" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү болсо, жер алмашууда Лейлек району анклав болуп калуу коркунучу бардыгын коңгуроо кылып кагып жатышат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter