У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде жергиликтүү тургундар тажик тарап кыргыз аймагына светофор, видео камера орнотушту дешип тынчсызданышууда…


Баткен облусунун Баткен районунун «Көк-Таш» айылы менен «Орто-Боз» айылын туташтырган негизги трассаны, Таджикстандын Ворух анклавына кеткен жолу кесип өтөт. Мына ушул эки жолдун кесилиши, эл ичинде «Төрт көчө» же «Жеке өрүк» деп аталып жүрөт.

Жергиликтүү тургундар бул жер коӊшу мамлекетке өтүп кетти окшойт деп шектенишүүдө. Чек ара коомдук бирикмеси фейсбук баракчасына «кылымдар бою кыргыздар жашап келген жерлерге тажик тарап өзүм билемдик менен бүгүн светофорлорду орнотуп салышты», - деп жазды.

Ырасында, Кыргызстандын Баткен районунун Жака-Өрүк участогунан өткөн Баткен-Исфана автоунаа жолунун, Тажикстандын Исфара-Ворух автоунаа жолунун кесилишине 4 жол чырак (светофор) орнотулду. Баткен районунун Тажикстан Республикасы менен чектеш Ак-Сай, Көк-Таш айылынын аймактарына видео көзөмөл үчүн камералар орнотулду. 

Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылдын 14-январында кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жолугушуусу өткөн.

Бул жолугушууда тараптар чек ара аймактарындагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, айрым орун алган чыр чатактарга так, туура талдоо жүргүзүү максатында, чыр чатак көп катталган эки өлкөнүн чектеш аймактарына жол чырактарды жана байкоо камераларын орнотууну макулдашып, протоколго кол коюшкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter