Депутат: Милиция кызматкерлери кошумча төлөмдөн баш тартышкан эмес
- 06.05.2020, 16:25,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мындай пикирин ЖКнын депутаты Дастан Бекешов 6-майдагы жыйында билдирди
«Өткөндө премьер-министр милиция кызматкерлери кошумча төлөм алуудан баш тартып жатат деп айтты эле. Мага кече милиция кызамткерлери кайрылышты, өтө нааразы болуп жатышат. Алар эч кандай кошумча төлөмдөрдөн баш тартышпагандыгын айтышууда. Өлкөгө өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилгенден бери күнү-түнү иштеп жатабыз, кошумча төлөмдөн баш тартуу туурасында бизде сөз боло элек дешти»,-деди Дастан Бекешов.
Ал ошондой эле медицина кызматкерлерине төлө турган компенсациянын эки эсе азайганын айтып, «10-апрелде Өкмөт официалдуу түрдө вирус жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миӊ сом, каза болгондорго 1 млн. сом төлөнөт деп айткан. Азыр медицина кызматкерлерине төлөнө турган компенсациянын өлчөмү эки эсе аз айтылып жатат. Өкмөт калпычы болуп калып жатат. Бизден эл сурап жатат, бизде маалымат жок, Өкмөт маалымат берсин»,- деп кошумчалады депутат.
Анын сөзүн кесиптеши Камчыбек Жолдошбаев да колдоп, Ат-Башы районундагы медкызамткерлер да компенсация ала электерин айтты.