У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирус жуктуруп алган медкызматкерлерге эртеӊден тартып компенсация төлөнө баштайт

Бул тууралуу 5-майда Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев  билдиргенин “Азаттык” жазып чыкты. 
 
"Бүгүн өкмөттүн буйругу чыкты. Ал жерде оору жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом деп так көрсөтүлдү. Эртеңден тартып төлөнө баштайт"-деп билдирген Азамат Жумакеев. 
 
Жалпысынан 5-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 217 медицина кызматкери катталган. Бишкектеги №3 бейтапкананын дарыгери каза болду.  
 
Коронавирус жуккан дарыгерлерге төлөнө турган компенсация тууралуу буйрук азырынча расмий жарыялана элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter