У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон коронавирус жуктуруп алганы айтылууда

 

Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон вирус жуктуруп алып, Германияга дарыланууга кеткенин тажик оппозиция өкүлү Шарафидин Гадоев атайын кызматтар берген маалыматка таянып Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Ал 3-май күнү «Phoenix Air» компаниясынын Gulfstream G-III учагы аркылуу Душанбеден Германиянын Рамштайн шаарына дарыланууга учуп кетти. Учак атайын медициналык жабдыктар менен жабдылган, дарыгерлердин коштоосундагы оор абалдагы бейтаптарды ташууга даярдалган.


 

Өлкөдөгү өзгөчө абалга карабай Эмомали Рахмон көп убакыттан бери коомчулук алдына чыга электигин эске алсак, анын вирус жуктуруп алгандыгы туурасындагы  булактар кабарлаган маалымат чындыкка окшошуп турат. 
 
Мамлекет башчысы биринчилерден болуп  элдин алдына чыгып, азыркы абалды түшүндүрүп, суроолорго жооп бериш керек эле. Коронавирус менен күрөшүүдө өкмөттүн иш-аракеттери жөнүндө маалымат бергендин ордуна Рахмон жашырынып жатканын улантууда. 
 
Тажикстанда Covid-19 вируснун бар экенин Рахмон коомчулуктан 1,5 ай жашырып, вирустун жайылуусуна жол берди. Кокустуктанбы же жазымышпы, айтор, вирус президенттен буйтап өткөн жок.  Тажикстандын дарыгерлери коргоочу каражаттардын жоктугунан, ал эми эли болсо дары-дармектердин, медициналык жабдыктардын, палаталардын жетишсиздиген улам азап чегип, өмүрү менен кош айтышып жатса, президенттин өмүрүн сактоого кымбат баадагы дарылоо менен кымбат баадагы учак даярдалды деп маалыматта жазылат.  
 
Азырынча Тажикстан бийлиги бул маалыматка пикир билдире элек


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter