У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр бейтаптарды дарылоого кеткен чыгым боюнча түшүндүрмө берди


Буга дейре Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 24-апрелде брифингде Кыргызстанда коронавирус жуккан бир бейтапты дарылоого 3 миң долларга чейин каражат сарпталаары туурасында айтканын жазган элек. 

Үсөнбаев өз сөзүндө: «Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтапка 3 миң доллар коротулуп жатканын билдирди. Бизде бир бейтапка канча кетип жатат?», - деген суроого «биздеги жумшалган каражаттар да ушул эле суммага жетип калса керек», - деп жооп берген. 

Бул жагдай коомчулукта кызуу талкуу жаратып, министрликтин акылга сыйгыс баасы элди нааразы кылып, ачуу сындар айтылган. 

Натыйжада, бүгүн 25-апрелде Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Кыргызстанда коронавирус жуккан бейтаптарды дарылоого кеткен каражат боюнча түшүндүрмө берди. 

Анын сөзү боюнча, COVID-19 вирусуна чалдыккан адамдар акысыз дарыланат. Дары-дармек, медициналык каражаттар жана ооруканага жаткандагы орундук үчүн кеткен чыгашалар бюджеттен төлөнөт.

Министр дарылоо оорунун түрүнө жараша жеӊил, орто, оор, өтө оор делип төрткө бөлүнөөрүн белгилеп, илдет кандай түрдө өтүп жатканына байланыштуу, дарылоого жеңил болсо 7988 сом, орто болсо16 370 сом, оор болсо 74 764 сом, өтө оор болсо 118 807 сом кетээрин билдирди. 

Бизде ушундай башаламандык. Бири айтат, экинчиси актанат. Кимисине ишеништи билбейсиӊ.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter