У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кызмат учурунда вирус жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сом төлөнөт

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелдеги брифингде маалымдады.
«Өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып вирус жуктуруп алган  дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сом төлөнөт. Кокустан оорудан көз жумса анын үй-бүлөсүнө 1 млн. сом акчалай компенсация берилет. Дарыгерлер апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышат»-деп билдирди Кубатбек Боронов. 
 
Маалыматка ылайык, март айына кошумча каралган төлөмдөр кармалып жатат. Буга коронавирустун жайылышына каршы иштеген кызматкерлер жөнүндө туура эмес маалыматтар берилгени себеп болгон. Айрым аймактарда үстөк төлөм ала турган дарыгерлердин саны атайылап көбөйтүлгөнү аныкталган.
 
Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 8-апрелде дагы 13 кишиге көбөйдү. Жалпысынан өлкөдө 32 медицина кызматкери вирус жуктуруп алган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter