Бишкектеги №17 бейтапкана жабылды, дарыгерлер вирус жуктуруп алган
- 17.04.2020, 12:00,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектеги №17 бейтапкананын төрт кызматкери вирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу аталган медицина жайы дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бейтапкананын башкы имараты гана жабылып, филиалы ишин уланта берет.
17-апрелде 12 медкызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталып, илдетке чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 116га жетти.