Ысык-Көл облусунда вирус жуктуруп алгандардын баары айыкты
- 05.05.2020, 14:43,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу, Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Мирбек Сагынбаев билдирди.
«Азыркы тапта Ысык-Көл облусунда коронавирус менен ооруган бейтап жок, бардыгы айыгып, үйүнө чыгарылды. Учурда 70ке жакын чет мамлекеттен келген адам байкоо иретинде обсервацияда жатат. Алардын абалы туруктуу»-деди Мирбек Сагынбаев.
Маалыматта, Ысык-Көл облусунда 10 адам вирус жуктуруп алып, ооруканага жаткырлып, бүгүнкүгө чейин алардын тогузу айыгып чыккан. Ал эми 5-майда онунчу бейтап, Балыкчы шаарынын Орусиядан келген тургуну сакайып, үйүнө чыгарылган. Анын экинчи жолку текшерүүгө алынган анализдери таза чыкканы айтылат.