У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Урмат Барыктабасов: "Эгер ооруган адамдарга жатакана керек болсо,мейманканамды бекер бергенге даярмын"


Белгилүү бизнесмендердин бири Урмат Барыктабасов Премьер-министрге кайрылуу жасады. Кайрылуусунда дүйнөнү каптап бара жаткан вирустун кооптуу экенин баса белгилеп, Балыкчы шаарындагы мейманканасын бекер пайдаланууга берүүгө даяр экенин айтты. 

"Урматтуу Премьер-министр! Түзүлгөн кырдаал оор болуп турат. Эгер ооруган адамдарга жатакана керек болсо, Балыкчыдагы Алия мейманканасын пайдаланганга бергенге даярмын. 45 оорулуу адам жаткырса болот. Бүт шарты бар, ысык суу, муздак суу, ашканасы ж.б.у.с. Мамлекет оор кырдалда турганда жардамымды аябаймын. Бекер пайдалангыла... Коронавирус шамалдан коркот, Балыкчынын абасы кургак, оорулуу адамдар тез сакайып кетет. Угушума караганда шарты жок жерге ооруган адамдарды жаткырган жатышыптыр.. Жакшы шарты бар жер сунуштайын.. Оорулуу адамдардын көңүлү көтөрүлүп, тез сакайып кетет.. Алланын ыраазычылыгы үчүн, жана элимдин саламаттыгы үчүн" дейт Барыктабасов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter